super.kg logo

Шамиль Атаханов кайда? ИИМ жана ЖАМКнын жообу

 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ачылган иштин алкагында кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы кандай болуп өзгөргөнү айтылбайт. Мындай жоопту SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова айтты.

"Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы кандай болуп өзгөргөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Анын баш коргоо чарасы камакка алуудан башка чарага өзгөртүлгөн", - деди Жапаркулова.

7-июнда тергөөнүн жүрүшүндө Атаханов Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Анда жактоочулардын катышуусунда тергөө менен кызматташууга ниети бар экенин билдирген, буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Атаханов аталган мекеменин эч бир абагында жок.

"Биздин мекемелерге тиешелүү тергөө абактарында Шамиль Атаханов кармалып турган жок. Ага башка чара көрүү үчүн баш коргоо чарасы өзгөргөнү маалым", - деди басма сөз кызматы.

Шамиль Атахановдун жактоочулары анын баш коргоо чарасы каралып жатканда сотко жоопкер Атахановдун шартын түшүндүрүп, жубайы ооруп жаткандыгын, аны жолдошунан башка карай турган адам жок экенин айтып, өтүнүч келтиришкени маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.06.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2018-2019 жыл саткындардын жана алдамчылардын жылы деп жарыяласа жакшы болмок. Себеби коп байкадым ушул жылдары алдамчылар саткындар кобойду.
19.06.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал уйундо да. Атамбаевге каршы корсотмо берди бошоду. План Атамбаевди камоо. Элдин башын айлантпай эле сразу эле камап койбойбу.
19.06.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Точно аферист заман болду! Откондо Атахановдун баласы кызы журбодубу Папа Папа деп! Кандай аялын караган Эч ким жок?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: