super.kg logo

Өлкө аймагы боюнча статусу жок 202 айыл бар

 

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев өлкө аймагы боюнча айыл статусу жок 202 айыл бар экенин айтты.

"Айыл статусу жок 202 айыл бар, анын ичинен 36 калктуу конуштарына айыл макам берүү боюнча макулдашуу Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда. Дагы 16сы боюнча өкмөттүн токтому каралып жатат, бул боюнча да макулдашуудан өткөн. Ошондо бүгүнкү күндө 156 айыл статусу жок калып жатат", - деди Салиев.

Буга депутат Тариел Жоробеков: "Статус ала элек калктуу конуштарга айыл статусун берүүнү эртелетүү керек. Ал жерде жашап жаткан жарандарыбызга шарт түзүп беришибиз абзел. Бул мыйзам долбоорун колдойбуз", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: