super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште “Жарнак жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Баяндамачынын айтымына караганда, мыйзам долбоорунун концепциясы жарнама ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртууга, кылка чечмелөөлөрдү жоюуга багытталган. "Мындан сырткары, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо, жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында кумар оюнуна тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Мыйзам долбоорун 3-окууга даярдоо учурунда эч кандай сунуштар түшкөн жок", - деди Токторов.

Жыйынтыгында 3-окуудагы мыйзам долбоору талкуусуз добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: