super.kg logo

Абонент жеңди! Beeline'дын кардарлары эми өзү каалаган баадагы тарифти кантип тандап алса болот? (видео)

 

Beeline уюлдук компаниясы "Сенин тандооң" жаңы тарифин сунуштайт. Бул сизге оператор сунуштаган кезектеги тариф эмес. Эми сиз өзүңүз каалагандай кылып ыңгайлаштырып, өзүңүздүн шартыңызга туура келгендей тарифти жөндөп алсаңыз болот.

Буга чейин бардык эле уюлдук операторлор кардарга даяр тарифти сунуштап, аны кантип колдонуу керек, аптасына же айына канча абоненттик төлөм төлөйт, ошол абоненттик төлөм үчүн канча көлөмдөгү интернет трафик ала алат, башка операторлорго канча сомдон чалуу кыла алат деген суроолорго жоопторду даярдап коюшчу. Ал тарифтер абоненттин чөнтөгүнө туура келеби, интернети ыңгайлуу болгону менен чалуулар ыңгайлуубу, смс жазуу бекер болгону менен интернети кымбат болбойбу деген суроолор операторлорду ойлондурчу эмес.

Ал эми Beeline компаниясынын абоненттери жогоруда жаралган суроолорго өздөрү жооп таап, өздөрү каалаган тарифти түзүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ар бир абонент акчасы, мөөнөтү, интернети, абоненттик төлөмдөрү чөнтөгүнө ыңгайлуу болгон өзүнүн тарифин жөндөп алса болот. Ал үчүн атайын 17 комбинациядан турган жөндөөлөр бар. (Тариф чогултуунун ыкмасы видеодо)

Мисалы, сиз 1 аптанын ичинде канча абоненттик төлөм төгөрүңүздү өзүңүз чечесиз. Ал үчүн сизге 60 сомдук, 95 сомдук жана 145 сомдук 3 вариант сунушталат. Эгер булардын арасынан аптасына 60 сомдон төлөй турган тарифти тандасаңыз, анда сизге түйүн ичинде акысыз чалуулар жана смс жазуулар бекер болот. Күнү-түнү кандай ылдамдыкта интернет колдонууну тандасаңыз, ошого жараша башка абоненттерге чалуу үчүн акысыз мүнөттөр берилет.

Толук маалыматты жана өз тарифиңизди тандоо үчүн beeline.kg сайтына кириңиз. Эгерде сайт аркылуу жаккан тарифти жөндөө сизге ыңгайсыз болуп же мүмкүнчүлүгүңүз жок болуп жатса, анда 0611 номерине чалып, оператордун инструкциясы менен тариф жөндөп алсаңыз болот. Чалуу акысыз.

Эскертүү! Эгерде сиз тандаган тарифтин алкагындагы пакеттерди аптанын ичинде толук түгөтпөй калсаңыз "күйүп" кетет. Кийинки аптада кайра жаңы жөндөлгөн тариф боюнча балансыңыздан жаңы абоненттик төлөм алынат.

“Сенин тандооң” – сен жараткан тариф!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун баланс.кг колдонгондор абай болгула. Коп акча салбагыла демекчимин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: