Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту






Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы кытайлык окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди. "Биринчи жолу былтыр Бишкекте, кийин Пекин шаарында жолугуп, Кыргыз-Кытай тарыхы тууралуу кеңири баян курдук. Андан бери бир нече айдын ичинде сиздер тараптан көптөгөн жаңы маалыматтар жана кыргыз тарыхын далилдөөчү андан ары дагы миң жылга чейинки маалыматтар табылды. Биз бул табылгалар үчүн өтө чоң кубанычтабыз", - деди Жээнбеков.
Ал чогултулган материалдар илимий негизде, академиялык басылмадан жарык көрүп, аларды кеңири таркатуу зарыл экенин билдирди.
"Сиздердин кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деген аракеттенүүңүздөргө дагы бир ирет терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары дагы биздин окумуштуулар сиздердин институт менен натыйжалуу иштей берүүсүнө тилектешмин. Мамлекет бул багытта бардык колдоосун көрсөтө берет", - деди Жээнбеков.




