super.kg logo
  Саясат  

Эл өкүлү: "Бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн кайсы адам банктан канча акча которгону тууралуу купуя сырлар ачыкка чыгып жатат"

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн кайсы адам банктан канча акча которгону тууралуу купуя сырлар ачыкка чыгып жатканын айтты.

"Инвесторлордун укугун коргоо өлкөнүн экономикалык саясатынын негизи болуп саналат. Бирок банктык купуя сырлар ачыкка чыгып кетип жаткандыктан азыр инвесторлор чочулап турат. Мындай абал экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Минтип отурсак бизге кайсы инвесторлор келет? Ошондуктан өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек. Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, инвестиция тартуусуз экономиканын өнүгүшү кыйын. Ушул тапта банк иштеринин купуялуулугу боюнча мыйзам жоболору сакталбай, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн кайсы адам, кайсы банктан канча акча которгону тууралуу купуя сырлар ачыкка чыгып кетүүдө. Ошондон улам ички инвесторлор да, тышкы инвесторлор да чочулап турат", - деди Тиллаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: