super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин аялынын тиешеси бар экени аныкталса таң калбайм"

 
Раиса Атамбаева

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралууда. Анда депутат Аида Исмаилова экс-президенттин аялынын курбулары маанилүү кызматтарды ээлегенин айтты.

"Мен Раиса Атамбаеванын "сууда чөкпөгөн" курбуларын билем. Алар саламаттыкты сактоо тармагында чоң кызматтарды ээлеген: Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, Онкология борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева. Алар Раиса Атамбаеванын атын пайдаланып, өз билемдик жасашкан. Эгер Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Атамбаеванын тиешеси бар экени аныкталса таң калбайм", - деди Исмаилова.

Буга чейин экс-президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин оппоненттери Батукаевдин бошотулушун ага атайын байланыштырып жатышканын айткан. "Экс-президентке каршы сүйлөгөндөр өздөрү ири суммадагы акча алганын Батукаевдин туугандары айтышкан", - деген Жолдубаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: