Бишкекте бүтүрүү кечелери өтүп жаткан күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Бишкекте бүтүрүү кечелери өтүп жаткан күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коомдук тартипти сактоого 600дөн ашык милиция кызматкери тартылып, ар бир мектеп имараттары, көңүл ачуу борборлору, парктар жана адамдар көп топтолгон жерлер көзөмөлгө алынат.
"Мектепти бүтүп жаткан балдарга коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүүнү ата-энелерден суранабыз. Кандайдыр бир кооптуу жагдайлар пайда болсо, дароо 102 номерине кабарлаңыз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.