Москвада эч жерде иштебеген аялдын үйүнөн жалпы суммасы 3 миллион рублга жакын зер буюмдарын уурдап кетишти

Маалыматка ылайык, окуя Түндүк Бутово районунда жайгашкан батирлердин биринде орун алган. Анда белгисиз адамдар үйдө эч ким жок учурда батирге кирип, тоноп кетишкен.
"Кылмышкерлер жабырлануучунун үйүнөн 22 миң рубль акча каражатын жана зер буюмдарын алып кетишкен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 3 миллион рублды түзгөн. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.