3-августка карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ
бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган облустарда жаан-чачын тоо
этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы
секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Ал
эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
кошулду
Автор: Ширин Турдакунова
Чүй облусунда күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +18...+23°C
Талас облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +16...+21°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +31...+36°C, түнкүсүн +20...+25°C
Баткен облусунда күндүз +30...+35°C, түнкүсүн +18...+23°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +20...+29°C, түнкүсүн +14...+19°C
Нарын облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +13...+18°C
Бишкек шаарында күндүз +32...+34°C, түнкүсүн +21...+23°C
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

