Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өттү




Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын жетекчилиги менен онлайн режиминде селектордук кеңешмелерди өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Замирбек Аскаров белгилегендей, калктын социалдык маселелерин чечүү үчүн биринчи кезекте аймактарды туруктуу өнүктүрүп, жаңы ишканаларды ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Ал жергиликтүү бийликтен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплексин толук көлөмдө ишке ашырууну талап кылды.
"Аймактарды өнүктүрүүнүн оңдуу тенденциялары менен катар жергиликтүү бийлик башчыларынын өзгөчө көңүл буруусун талап кылган терс факторлор бар. Бул алды менен өнөр жай көрсөткүчтөрү, аймактардын экономикасына инвестицияларды тартуу, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык түзүмдөрү бул багыттардагы иштерди активдештирүүлөрү зарыл. Райондордун акимдери байкоочу катары турбашы керек. Алар өздөрүнө ишенип берилген аймактарды өнүктүрүү жана жашылдандыруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартышат", - деди ал.
2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу сунуштарын киргизүү тапшырылды.





