Президентке Улуттук статистика комитетинин төрагасы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди



20-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Султанов 2019-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.
Статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, ушул жылдын 5 айында ички дүң продукциясынын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 пайызга жогорулады. Ички дүң продукциянын өсүшү өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулаган. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өсүшү белгиленди.
Мамлекет башчысы Улуттук статистика комитети аймактар боюнча статистикалык маалыматтардын, алардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтардын толуктугун жана актуалдуулугун камсыз кылып, жумуштун аналитикалык жагын күчөтүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков статистикалык маалыматтардын тактыгын камсыздоо, өлкөнүн бардык жашоо тармактарында, өзгөчө тышкы соода жүгүртүү боюнча статистикалык айырмачылыктардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына көңүл бурду.




