super.kg logo
  Спорт  

Америка Кубогу: Япония курама командасы турнирдин фаворити болгон Уругвайга жеңишти берген жок

 

Уругвай курама командасы менен Япония курама командасынын беттеши 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Уругвай курама командасы тайпалык баскычтын 1-турунда Эквадорду ири эсепте жеңип алган. Мындан улам эгерде алар Япония курамасын утса, чейрек финалга жолдомо камсыздай алышмак. Япония курама командасы алгачкы оюнда чилиликтерге жеңилип калган эле.

Буга карабастан азиялык курама турнирдин фаворити болгон командага жеңишти берген жок. Япониялыктар эки ирет алдыга суурулуп чыгып, биринчилерден болуп гол киргизгенге жетишти.

Турнирдик жадыбалда Уругвай өзүнүн 4 упайы менен 1-орунда, ал эми Япония болсо өзүнүн 1 упайы менен 3-орунда жайгашты.

Тайпалык баскычтын 2-турунун акыркы оюнунда Чили Эквадор менен кез келет. Беттеш 22-июнда өтөт.

15-июнда Бразилияда Түштүк Америка футбол конфедерациясы тарабынан уюштурулган Америка Кубогунун тайпалык баскычы старт алган.

Мелдешке Түштүк Америка континентиндеги 10 өлкө жана конок катары чакырылган Азия футболдук конфедерациясынын курамындагы Япония жана Катар өлкөлөрү, жалпы 12 команда катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: