Ошто биринчи жолу мээге бычаксыз операция жасалды
Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында алгачкы жолу мээге жогорку технологиялык - бычаксыз операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, операция Казакстандан келген дарыгерлер менен биргеликте жасалган. Мыңжылкы Бердихожаев мындай операция Казакстанда 11 жылдан бери жасалып келе жатканына токтолду.
"Биздин өлкөдө мындай операцияны 11 жылдан бери жасап келебиз, Ошто да эми туруктуу негизде жасаларына үмүт кылабыз. Албетте, мамлекет тарабынан да көбүрөөк колдоо керек. Операциянын тобокелдиктери да бар, бирок бул коркунучка караганда оорунун коркунучу көбүрөөк", - деди казакстандык дарыгер.
Операция 18 жаштагы кызга жасалып, жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүлгөн категорияга кирип, орган бычак менен кесилбей ишке ашырылган. Бейтап мээнин тубаса артериялык мальформация оорусунан жабыркап келген.
Артерия-веналык мальформация - артерия жана вена кан тамырлар ортосундагы патологиялык байланыш. Демейде мындай илдет адам төрөлгөндө эле тубаса болот. Оору көбүнчө бейтаптын борбордук нерв системинде кездешет.






1 |