super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш алып барган жумушчу топ жыйын өткөрдү

 

2-августта президенттин ушул жылдын 1-июлда "КРда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"  жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн Кыргызстанда тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, жумушчу топтун жетекчиси Чыныбай Турсунбеков төрагалык кылды. Отурумдун катышуучулары стратегиялык документти ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жумушчу топтун жетекчиси топтун катчылыгына көп сандагы сунуштар келип түшүп жаткандыгын айтты. “Аларды карап чыгып мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө иштиктүү программа түзүү боюнча конкреттүү ишти башташыбыз керек”,- деди ал. Билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу системди түзүү боюнча жасалып жаткан иштер туурасында маалымат берди. Талкуунун жыйынтыгында келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, жалпылаштыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программанын конкреттүү пункттарын иштеп чыгуу үчүн жумушчу чакан топторду уюштуруу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: