super.kg logo

Мышык ыйлагыдай абалда турган Спорт ордосундагы отургучтар жаңыланат

 

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосундагы тамтыгы кетип, булгаарысы жешилген отургучтар жаңыланат. Мындай маалыматты мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Спорт ордосундагы 860 отургуч оңдолот. Отургучтардын поролону алмаштырылып, сырты жаңы материал менен капталып, бекемделет. Отургучтарды оңдоого жалпысынан 2 миллион 200 миң сом бөлүнгөн деп жазылат маалыматта.

6-апрелде Бишкек шаарына орусиялык ырчы Баста менен келген гитарачы Спорт ордосунун мышык ыйлаган абалын социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Андан сыры кеткен тактай пол, отургучтардын булгаарысы айрылган, жешилип, сүрүлгөн абалын көрүүгө болот. Гитарачы Николай Сарабьянов "Бишкек шаары. Убакыт машинасы бизди 30 жыл артка алып барды" деген. Бул билдирүүнүн алдына көпчүлүк кыргыз колдонуучулар Спорт ордосу үчүн уялып жатышканын жазып, президенттин жана башка бийлик өкүлдөрүнүн Инстаграмдагы баракчаларын белгилеп кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.06.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеп ийбей алмаштырса экен
21.06.2019. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой жыртыкка жамак кыла бербей, жаны эле имарат салып койгулачы
Ysakov_Nur түзөттү 2019-06-21 13:24:03
21.06.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир столдун жамакчы кылганы 2500 сомдон айланат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: