super.kg logo

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөр аттестат алган күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт

 

Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери 22-24-июнь күндөрү бүтүрүүчүлөргө аттестаттар берилгенине байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жайкы эс алуу уюштуруп, тоо коюнунда көңүл ачуусуна жол берилбейт. Ошондой эле кымбат баалуу унаалар менен ар кайсы жакты кыдыруусун болтурбоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен “Шумкар” атайын багыттагы полку биргеликте мобилдик топторду түзүп, трассаны, ички көчөлөрдү тыкыр көзөмөлгө алышат.

Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо багытында милиция тарабынан ар түрдүү түшүндүрүү иш-чаралары жер-жерлерде өткөрүлүүдө. Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында ата-энелер өз балдарына кам көрүп, алардын кайда жүргөндүгүн көзөмөлгө алып, иш-чараларды мектептин айланасында гана өткөрүүнү эскертишүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: