super.kg logo
  Саясат  

"Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык улутташтырылган мүлктөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна 13 миллиард сом түшкөн" дейт фонддун төрагасы

 

"Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык улутташтырылган мүлктөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна 13 миллиард сом түшкөн" деп бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында аталган фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Ал билдиргендей, фондго берилген объекттерден 8 жыл ичинде 13 миллиард 2 миллион сом алынган.

“Дивиденддер 10 миллиард сомду түздү. Мамлекеттик мекемеден 2 миллиард 8 миллион сом, имараттын ижара акысынан 7 миллион сом, менчиктештирүүдөн 330 миллион сом түшкөн", - дейт ал.

Фракция жыйынында мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: