super.kg logo

"Мен өзүм күнөөлүү эмесмин". Орусияда 19 жаштагы кыз аны зордуктайм деген жаранды сабап салганы үчүн айыпталууда

 
Айыпталуучу Дарья Агений.

Орусияда 19 жаштагы кыз аны зордуктамакчы болгон жаранды сабап салган. Ал эми жаракат алган жаран кыздын үстүнөн арыз жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда 19 жаштагы кыз бул иши үчүн 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Окуя 2018-жылдын 24-июнь күнү түнкү саат 00:30 чамасында Туапсе шаарында болгон. Анда Москвадан 19 жаштагы Дарья Агений аттуу кыз мектеп окуучуларын жайкы лагерге аталган шаарга коштоп келген.

Окуя болгон күнү ал түнкү саат 00:30да ичкенге суу алып келүү үчүн дүкөнгө чыккан. Дүкөндөн кайтып келе жатканда артынан кимдир-бирөө ээрчип келе жатканын байкаган.

"Артымды карасам мас абалында эркек адам келе жатыптыр. Анан ал мени үйүмө чейин узатып коёюн деди. Мен макул болгон жокмун. Бирок ал айтканымды укпастан артымдан ээрчип келе берди. Үйгө жетейин деп калганда колумдан кайрып, жаныбыздагы үйдүн дубалына такап, зордуктамакчы болду. Ошол кезде сумкамдан бычакты алып чыкканымды билем, калганы эсимде жок. Бир кезде эсиме келсем баштыгым чачылып, жерде отурган экенмин. Анан баягы адамды издедим. Себеби менин бычагым кан болуп калган экен. Ошол күндүн эртеси эле Москвага кетип калдым. Андан кийин 1-август күнү полиция келип, мени адамдын ден соолугуна оор залал келтирген деп айыпташты", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Тергөөнүн жүрүшүндө Дарья арыз жазган адам менен жолугушкан. Ал ошол күнү кызды зордуктайм деген ою болбогонун, кызга Сергей Есениндин ырын окуп берүүнү каалаганын айткан.

Ал эми айыпталуучу Дарья Агений интернетте "мен өзүм күнөөлүү эмесмин" аттуу флэшмоб уюштурууда. Социалдык тармакта бул окуя кызуу талкууга алынып, кыздын эч кандай күнөөсү жок экени айтылып, анын акталуусун талап кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.06.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Адабиятты сүйбөгөндүн кесепети.
21.06.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
futboler,жарым тундо энендин Есениниби
22.06.2019. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
taalay25,))))))))) боорду эзесиз го))))
21.06.2019. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне учун аялдын укугу тебелениши керек?Ырас кылгансын Даша!
21.06.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшылап текшербесе кимисине ишеничти да билбейсин.Бирок кыз Москвага бычактап качып келип анан оной жолун таап зордуктайм деди дегени .....
22.06.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге кыз балага зоокур эркектер нападение кыла беришет даже кундузу деле? Тоноо зордуктоо планы менен? Даже если простутикага деле куч колдону менен деле нападение кылганга акысы жок да?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: