Жашы жете элек кыздар эжесинен качып, Ошко кеткенге аракет кылышкан



20-июнда саат 21:00 чамаларында Бишкектин Батыш автобекетине жашы жете элек 7 жана 11 жаштагы эки кыз келип, айдоочулардан Ошто жашаган атасына жеткирип коюусун суранышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочулар бул жөнүндө Акыйкатчы институтунун алдындагы "115 шыр байланыш" кызматына кабарлашкан. Окуя болгон жерге Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева барып, айдоочулар жана кыздардын өздөрү менен жолуккан. Кыздар менен сүйлөшүүдө, алардын апасы каза болуп калгандыктан Бишкекте эжеси менен жашаары, атасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашай турганы такталган. 11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербөөнү суранган. Анын айтымында, эжеси аларды колуна эмне тийсе ошону менен чаап, балдар үйүнө өткөрөм деп дайыма коркутат.
Ошол жерден акт түзүлүп, кыздар Жаштар жана балдар реабилитациялык борборунун кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ошол күнү кыздардын атасына телефон чалса, атасы жооп берген эмес. Азыркы учурда Акыйкатчы институтунун Ош шаарындагы жана облусундагы өкүлү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан кыздардын атасын издешүүдө.







1 |