super.kg logo

Өкмөт: "106 мамлекеттик ишкананын 51и пайда алып келбейт"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана ушул жылдын 5 айына карата жыйынтыгы каралган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин пайда алып келүүсүнүн көрсөткүчү төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарууда. Бул "Альфа Телеком", "ТНК "Дастан", "Ишкерликти өнүктүрүү фонду", "Нарын ГЭС", "Найман ГЭС" акционердик коомдору сыяктуу жана башка бир катар ишканаларга тийиштүү. "Бишкек машина куруу заводу" ААКсы жана "Кепилдик фонду" ААКсы сыяктуу компаниялардын сарптоо пландары 206,08 пайызга жана 162,38 пайызга көбөйгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мамлекеттик менчик объекттеринин пайда алып келүүсүн жогорулатуу – өкмөттүн ишинин артыкчылыктарынын бири.

"Бүгүнкү күнү, тилекке каршы, мамлекеттик менчикти башкаруу кырдаалы өлкө экономикасынын кызыкчылыктарына жооп бербейт. 106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Биз ар бир объекттин ишин карап чыгышыбыз керек. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана чыгашалуу ишканалардын киреше табуусуна, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, салыктарды төлөөгө жетишүүгө болот. Тилекке каршы, учурда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин бири дагы конкреттүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыккан эмес, демилге көтөрбөй жатышат. Дал ошондуктан өкмөт тарабынан натыйжалуу ишмердүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү киргизилген. Себеби башкаруунун төмөндүгүнөн көптөгөн компаниялар рентабелсиз жана чыгашалуу. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүндө ар бир жетекчинин ишин деталдуу талдоо каралган. Анын жыйынтыгында биз тийиштүү чараларды көрөбүз. Активдердин жана капиталдардын рентабелдүүлүгү түшүп, өнүгүү жок. Быйылкы жылы биз бул маанилүү маселеге чекит коюп, мамлекеттик менчикти башкаруунун түшүнүктүү жана таасирдүү механизмдерин киргизүүгө жана ага жогорку класстагы менеджерлерди тартууга тийишпиз", - деп баса белгиледи Абылгазиев.

Буга байланыштуу ал Экономика министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

"Бул механизм мамлекеттик компаниялардын жетекчилигине чыныгы кесипкөйлөрдү тартууга шарт түзөт. Аутсорсинг принцибин киргизүү жеке сектордун ресурстарын экономиканын кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Белгилей кетсем, бул ушул объекттер жеке колго берилет дегенди түшүндүрбөйт. Кесипкөй кадрлардын, каржылоонун жетишсиздиги, корпоративдик башкаруу деңгээлинин төмөндүгү жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууда топтолгон маселелер чечилбеген бойдон калууда. Бул кардиналдуу реформалардын зарылдыгын айтып турат", - деп ырастады премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, "Улуттук башкаруучу компания" АК түзүү мамлекеттик компанияларды холдингдер модели боюнча башкаруунун борборлоштурулган тутумун киргизүүгө жана ишке топ-менеджерлерди тартууга шарт түзөт. Ошондой эле бул өлкө экономикасынын кызыкчылыгында мамлекеттик компанияларга кошумча ресурстарды жана инвестицияларды тартууга багытталган чечимдерди кабыл алууну өбөлгөлөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.06.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан системаны өзгөрткөнүңөрдө гана бардык тарап оңолот!!! Албетте мамлекеттик ишканалардын жетекчилери жеп ичип отурса кайдан киреше алып келмек эле???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: