super.kg logo
  Спорт  

Канат Аманкулов: "Пекиндеги Олимпиада көрсөткүчүнөн ашып түшүшүбүз керек"

 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүп жаткан дзюдо, жиу-житсу, күрөш боюнча улуттук курама команданын спортчулары менен жолукту. Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, учурда спортчулар Дүйнө чемпиондуктарына даярданышууда.

"Жакынкы убакыттарда Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо ойнотулган мелдештер орун алат. Ал мелдештерге даярдануу үчүн спортчуларга керектүү шарттарды түзгөнгө аракет кылуудабыз. Силерге чоң ишеним артылып жатат. Биз Пекиндеги Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчтөрүнөн ашып түшүшүбүз керек", - деп билдирген Канат Аманкулов спортчулар менен жолугушууда.

Пекин-2008 Олимпиадасында 3 балбан медалга илинген. Канат Бегалиев күмүш медаль алса, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло байгеге ээ болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
21.06.2019. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курош карате дей бербей башка спортко да конул коюп койгула,ал жерде канчалаган спорттун туру ойнотулат.Ошого жараша кадр даярдай бергиле,может чон жетишкендиерди куроштон башка спортчулар да женип кайтаар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: