super.kg logo

Азиз Батукаев абактан бошотулганда бийликтин жооптуу кызматтарында кимдер турган? Кимдер камакка алынды? (инфографика)

 

Азиз Батукаевдин абактан бошотулушунун жана анын өлкөдөн сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтом:

  1. Батукаевдин абак жайынан бошотулушун жана анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө маселеси боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шердин маалыматы эске алынсын.
  2. Премьер-министрдин начар иши: камактагы Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жана эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу боюнча жүйөлөштүргөн бөлүктө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын айрым жетекчилеринин бүтүмгө киришине мүмкүнчүлүк берген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин так жетекчиликке алуу жана координациялоо жоктугу көрсөтүлсүн.
  3. Конституциянын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, акыйкатчы Турсунбек Акунду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе мыйзамда белгиленген тартипте демилгеленсин.
  4. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовду жергиликтүү соттун судьясы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени кароо жана президентке сунуш киргизүү судьялар кеңешине сунушталсын.
  5. Премьер-министр 10 күндүк мөөнөттө төмөндөгү маселелерди карасын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, ички иштер министри Абдулда Суранчиевди, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеваны ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуштаманы президентке киргизүү жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу;

- Ички иштер министринин орун басары Фурхат Усеновду, Саламаттыкты сактоо министрлигинин гематология боюнча кыргыз илимий изилдөө борборунун директорунун орун басары Эмил Макимбетовду, ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ЖАМКнын медициналык-санитардык камсыз кылууну уюштуруу башкармалыгынын начальниги Акылбек Асановду, №24 (Нарын шаарындагы 4-СИЗО) мекемесинин башчысы Кубанычбек Касымалиевди, ушул эле мекеменин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу Тилек Абылгазиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу.

  1. Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Башкы прокурорго төмөндөгүлөр сунушталсын:

- Президентке Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованы ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуш киргизүү;

- түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Майрамбек Акматалиевдин, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевдин жоопкерчиликтери жөнүндө маселени кароо.

  1. Башкы прокуратурага:

- камактагы Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн мыйзамсыз жана негизсиз бошотууга жана анын өлкөдөн чыгып кетүүсүн камсыз кылууга катыштыгы бар кызмат адамдарына карата юридикалык баа берүү жөнүндө маселени иликтесин жана карасын;

- ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кеч эмес мөөнөттө ушул пункттун экинчи абзацынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Жогорку Кеңеште маалымат берсин.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
28.06.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр АШАны күнөөлөп салдынар. Андай болсо Сооронбай Жээнбеков АШАнын досу болбой эле оппоненти болуп жүрө бербейт беле. Шайлоодо АШАны мактап, Батукаев боюнча Соке үн катпай жүрбөдү беле.
filis түзөттү 2019-06-28 11:39:16
28.06.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сокенин бир тууган иниси олтурат го былтыйып.
28.06.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Буларды камаганда не пайда?Бутакаевди кармашсын кайрадан.
28.06.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Законго баш ийгилечи. Камаса дагы болбосо камабаса камабады дейсинер! Баарына эле каршы болуп митинг кылып Кыргызстанды талкалап буттунорго! Бирин КАМЕРАНЫ атып кетесин молодец жакшы атыпсын дейсинер! Ошол КАМЕРАНЫН жанында КУНООСУ жок кимдир бироого ок тийип кетсе эмне болот! Башты иштетип ойлонгулачы Каарыган карышкырлар Элди колдонгондон башка пайдасы тийбейт Сокен да Ашан да Келгиле Садыр Жаровду колдоп чыгарып алалы ушул кишиде куноосу жок!
28.06.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азиз Батукаев Ким болгон ОЗУ?
28.06.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
farida.kg.1991,Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти болгон )))
28.06.2019. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиз Батукаев кандай кылмыш кылган?
28.06.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
farida.kg.1991,мыйзамдагы ууру болгон
28.06.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх Атамбаев бийлийте турганда баары жожо эле Бабонов болуш керек болчу да Приздент
28.06.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асылбек Жээнбеков да бар турв
28.06.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асылбек Жээнбеков тууралуу эч ким эч нерсе дебейт ко. Ал деле кызматта турган экен .
28.06.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Асылбек Жээнбеков да бар болгону менен,жогорку кенештин бул нерсе менен иши жок болсо керек деп ойлойм.Аны качырганы буйрук берген Атамбаев болсо,ооруп калды деп ошол медиктер корутунду чыгарып берсе,ошол жерден бошоткон жаза комитети и чек ара кызматы куноолуу деп ойлойм.
29.06.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык башынан сасыйт да. Атамбаевдин буйругу жок эч кандай болмок эмес бул иш. Жми баарын кызылдай куноолоп, мен врачтарга ишендим деп карганып отурат. Уят иш.. Ойлоп коргуло...мыйзамдагы ууру канттп чыкмак эле ажонун буйругусуз..
3 жыл унчукпай эле отуруп берди го Атамбаев чыгарып алып....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: