Футболчу Фернандо Торрес карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады
Футбол боюнча Испания курама командасынын мурдагы оюнчусу Фернандо Торрес карьерасын жыйынтыктады. Мындай чечимин ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.
"Салам достор, менде баарыңар үчүн айта турган кебим бар. 18 жыл футбол дүйнөсүндө жашагандан кийин карьерамды жыйынтыктоону чечтим. 23-июнь күнү Токиодо маалымат жыйынын өткөрүп, ал жактан эмнеге мындай чечимге келгенимди кененирээк айтып берем", - деп жазган Торрес.
Фернандо Торрес "Атлетико Мадрид", "Ливерпуль" "Челси" клубдарынын оюнчусу катары белгилүү. Аталган клубдардын курамында Чемпиондор Лигасын, Европа Лигасын жана Англия Кубогун жеңип алган. Ал эми Испания курама командасынын катарында 2 жолу Европа жана 1 жолу Дүйнө Чемпиондугун жеңген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

маалымат жыйынын өткөрөт.