Жалал-Абаддагы жайлоодо жоголуп кеткен 2 жашар бала аман-эсен табылды



Жалал-Абаддын Ноокен районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 2 жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"20-июнь күнү Тоскоол-Ата токой чарбасынын Жерде-Айгыр жайлоосунда 2017-жылы туулган бала жоголуп кеткен. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпы 12 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылган. 21-июнь күнү саат 17:35те жоголгон бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилген. Абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.
ӨКМден бала эмне себептен дайынсыз болуп кеткени белгисиз экенин айтат. Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы бала ойноп жатып адашып кеткенин билдирди. Аны сайдагы дарактын түбүнөн нес абалында табышканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Балдарга жакшы карагылачы чондор,сураныч!!!