Орусияда массалык мушташтан каза болгон 20 жаштагы жарандын сөөгү мекенине алынып келди
Орусияда мигранттардын ортосунда болгон массалык мушташтан каза болгон жарандын сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун ата-энесинин кошуналары билдирди.
Алардын айтымында, каза болгон 20 жаштагы жарандын сөөгү бүгүн, 22-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарына саат 12:00дө алынып келди.
"Каза болгон жигит үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары абдан жакшы адамдар. Ал мектепти аяктагандан кийин университетке сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, Орусияга иштегени кеткен. Анын сөөгү эртең жерге берилет", - деди атын атагысы келбеген кошунасы.
Окуянын чоо-жайы:
19-июнь күнү саат 05:33 чамасында полициянын нөөмөт бөлүмүнө Москва шаарынын Большая Семёновка дарегинде кебетеси азиялык болгон жарандардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы кабарланган. Ал окуядан улам Кыргыз жараны, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 1999-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал Орусиянын аймагында 2018-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип жүргөн.







1 |