super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Мага бийлик эмес, элим керек"

 

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жарандык жыйын уюштурду. Атамбаевди колдогон активисттер, депутаттар жана ар кайсы облустардан келген тарапташтар чогулуп, акыркы саясий окуялар тууралуу сүйлөштү. Бир нече саатка созулган жыйындын соңунда Атамбаев колдоп келгендерге ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Мен эч нерседен коркпойм. Өзүмдү-өзүм коргоп келгем. 12 айылдын жигиттери жардам берели деп демилге көтөрүштү. Аларга өзүмдү-өзүм коргой ала турганымды айтсам, жигиттер мени коргош үчүн дарбазанын жанына жатып алабыз дешти. Жата бергиле демек белем, уялганымдан макул болдум. Негизи 12 айылдан 10 кишиден 120 киши келмек. Карасам көп экенсиздер. Бул жерге каалоочулар келди. Убагында мени көтөргөн, керек болсо президенттикке алып баргандар келбей, карапайым эл келип отурат.

Ар бир адамды өзүмдөй көрөм, кечир десе кечирип коём. Дайыма берип көнгөм. Анткени Кудай дагы мага берет. Эч кимден акча алган эмесмин. Тескерисинче, берчүмүн. Мага бийлик эмес, элим, элимдин келечеги керек. Учурунда жанымдагы досторум мага чындыкты айтышпаптыр.

Атамбаевге 1 жарым жыл мурун эч ким ишенчү эмес. Азыр мага жалган жалаа жаап жатат. Көрөсүңөр бири дагы чындык эмес. Эртеби, кечпи чындык ачыкка чыгат. Мага койгон күнөөлөрдүн бардыгы калп болот. Парламенттеги "чимкириктер" мени соттойбуз деп жатышат. Мен алардын сотуна эмес, Кудайдын сотуна, элдин сотуна бара турган адаммын. Сөзүмдүн аягында өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан рахмат айтам! Жети дубандан келип жатышат, телефон да чалышууда. Элиме рахмат! Кыргыз өлкөсүн Жаратканым колдосун!" - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: