super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев өзүн-өзү коргой алам деп кайсы курал тууралуу айтты? Кеңешчисинин түшүндүрмөсү

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сыйлык катары алган куралы бар жана аны колдонуунун мыйзамын билет. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Кечээ Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүн бурмалап, Ак Үйдүн троллдору (чагымчылдык максатта жалган маалымат тараткандар) имиштерди жана ушактарды таратып жатышат. Алмазбек Атамбаевдин сыйлык катары алган куралы бар жана аны колдонуунун мыйзамын билет. Ал башка курал тууралуу кеп кылган жок, өзү жөнүндө гана айткан. Кантип кимдир бирөөнү коркутат? Атамбаев бул сөздү өз өмүрлөрүн тобокелдикке салбасын деп коргоочуларына айткан болчу", - деди Жолдубаева.

Кечээ, 22-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жарандык жыйын уюштурган. Аны колдогон активисттер, депутаттар жана ар кайсы облустардан келген тарапташтары чогулган. Анда экс-президент өзүн-өзү коргой ала турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: