super.kg logo
  Саясат  

Экс-президенттин кеңешчиси: "Алмазбек Атамбаевдин жеке өзүнүн депозиттик эсеби эле эмес, банктык кутусу да жок"

 

Сот Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн банктык эсептерин текшерүүгө уруксат берди. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева тактоо иретинде пикирин билдирди.

"Биринчиден, сот коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын ала кабарлабай туруп алууга макулдук берди.

Экинчиден, Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ага да арест коюлган.

Үчүнчүдөн, сот тиешелүү чечим кабыл алган адамдардын тизмеси бүт туугандардын чөйрөсү болуп чыкты. Тизме ушунчалык одоно түзүлгөндүктөн анда Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыкты.

Тизмеде экс-президентке эч кандай тууганчылыгы жок УКМКнын 10-бөлүмүнүн мурдагы башчысы Дамир Мусакеев да бар. Бизге маалым болгондой, анын эч кандай депозиттик эсеби, банктык кутусу да болгон эмес.

Бийлик экс-президенттин үй-бүлөсүнөн, жок дегенде бирдеме болсо да "чукуп" тапкысы келип, аны менен адамдардын көңүлүн башка үй-бүлөдөн алагды кылгысы келип жатканы түшүнүктүү. Экс-президенттин айланасындагы мындай театрлашкан оюндар бат эле ойрон болоруна ишенебиз", - дейт Кундуз Жолдубаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: