super.kg logo

Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо оппозиция өкүлү кайрадан жеңишке жетти

 

Элдик-республикалык оппозициялык партиянын атынан талапкер Экрем Имамоглу Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо кайрадан жеңишке жетти. Шайлоо 23-июнда өттү.

Өлкөнүн БШКсынын маалыматы боюнча бюллетендердин 98 пайызы текшерилип, ага шайлоого катышкандардын 53,9 пайызы добуш беришти.

Башкаруучу Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынан талапкер, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жакын адамы аталган Бинали Йылдырым 45,2 пайыз добуш алды.

Ал Имамоглуну жеңиши менен куттуктап, "атаандашымды куттуктайм жана ага ийгилик каалайм. Шайлоо өлкөбүздө демократия бар экенин көрсөттү. Имамоглу Стамбул шаарын башкарып, элге жана шаар тургундарына бүт аракетин жумшап, кызмат кылышын каалайм" деди.

31-мартта Түркияда муниципалдык шайлоо өткөн. Көпчүлүк аймактарда башкаруучу партиянын өкүлдөрү жеңишке жеткен. Бирок Стамбул, Измир жана Анкара шаарларында оппозициялык күчтөр жеңген. Башкаруучу партиянын өкүлдөрү шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып чыгышканда бир айдан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан мэрди шайлоо күнүн 23-июнга белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
24.06.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демкоратия барбы чын эле? Же мэр шайлоосунда гана ошондой болдуву?
Президенттик шайлоону да коруш керек экен Туркиянын.
24.06.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эрдоганды карапайып элдер колдойт
24.06.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Туркиянын элинин денгели,кругозору ойдо тургазынын белгиси. Ошон учун онугуп жатат...
А биздечи Элибиз эки жуздуу акча десе баарын сатат... ЖК депуты болуу учун орто эсеп менен 300мин$ кородот эн азы дегенди. Анан алар биздин койгойду чечмек беле. Ошол акчаны 6жылдын исинде 2же 3эсе чыгарып алайын дешет да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: