super.kg logo

Сот экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовду СИЗО-1ге которуу сунушунан баш тартты

 

Бүгүн, 24-июнда Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум уланууда. Буга чейинки отурумда УКМКнын каты окулуп, анда айыпталуучулар Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду СИЗО-1ге которуу сунушу бар болчу. Сунушта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында орун жетишсиз экени жазылган.

Айыпталуучулардын жактоочусу мындай сунушка каршы экенин билдирген. Анын айтымында, мындай абал соттолуучулардын абалын начарлатат.

Сот кеңешме залына кирип чыккандан кийин экс-мэрлерди башка СИЗОго которуу сунушунан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: