super.kg logo

Караколдо ички иштер бөлүмүнө келген жаран милиция кызматкерине кол көтөрдү

 

Караколдо аялына кол көтөргөн деп шектелген киши милиция кызматкерин сабады. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июнда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн Мээрим С. аттуу тергөөчүсү рапорт менен кайрылган.

"Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 19-июнда саат 21:00дө билдирүү келип түшкөн. Анда 32 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсү Максат К. алкоголдук ичимдик ичип алып, аны сабаганын, үйдө уруш чыгарганын айткан. Жубайлар ички иштер бөлүмүнө алып келинген. 32 жаштагы жабырлануучу жарандык никедеги күйөөсүнө карата арызын берип жатканда Максат К. тергөөчүнүн бөлмөсүндөгүлөргө агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, оозго алгыс сөздөрдү айтып коркуткан. Мындан улам тергөөчү менен аялы ага эскертүү бергенде кабинеттин ичине түкүрүп баштаган. Жарандык никедеги жубайы анын туура эмес кылып жатканын айтканда, Максат К. аялын ичке тээп салган. Тергөөчү Мээрим С. аны токтотууга аракет кылганда Максат К. анын эки погонун жулуп, башка чапкан. Андан кийин шкафтын айнегин талкалап, эшикти тепкилеп сындырган. Жаңжал чыгарган жаранды токтотууга ички иштер бөлүмүнүн А.К. жана Б.К. аттуу кызматкерлери келип, тынчтандырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берененин 1 жана 2-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми ага тергөөчү Мээрим С.га соттук-медициналык экспертиза жасалып, баш мээси чайкалып жаракат алганы, ээгинин сол жагы канталаганы, далысынын сол капталынын сыйрылганы аныкталды. Мындан тышкары шектүүгө дагы соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", - дейт маалымат кызматынан.

Шектүү 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 105 жана 243-беренелер боюнча кылмыш жообуна тартылып, 2 айга камакка алынганы маалым болгон.

Ысык-Көл ОИИБи буга чейин кыйноолорго каршы күрөшүү кызматынын "Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган жаранды сабады" деген маалыматы бурмаланган дейт.

"Колубузда турган документти тактабай туруп коомчулукка такталбаган маалыматты чыгарышты. Бул этикага туура келбейт" деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Копкон алкаштар аялдарына эле алы жетет мындайлардын орду турмодо , чирип жат эми чирип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: