super.kg logo

Чехияда 250 миңдей адам митингге чыгып, премьер-министрдин отставкасын талап кылды

 

Чехиянын борбору Прагада 23-июнда массалык нааразычылык акциясы өтүп, катышуучулар премьер-министр Андрей Бабиштин отставкасын талап кылышты. Уюштуруучулар митингге катышкандардын саны 250 миңге жеткенин билдиришти. Полиция 200 миң адам келгенин маалымдады. Митинг тынч аяктап, күндүн ысыгында өзүн начар сезгендерге гана жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, митингге бир гана Прага шаарынын жашоочулары эмес, башка аймактардан дагы тургундар келген. Поезд жана автобустарга билеттер апта башында эле сатып алынганы маалым болду. Митингге жаштар да көп келишти. Алар колдоруна премьер-министрдин отставкасын талап кылган жазуулар бар плакаттарды көтөрүп турушкан. Ага өлкөдөгү оппозициялык партиялар катышпаганы менен, алар митингчилердин талаптарына тилектештик көрсөтүшөрүн айтып чыгышкан.

Митинг атайын "Летна" сейил багында уюштурулган. Дал ошол жерде Чехословакияда 1989-жылы Баркут революциясы орун алган. Анда жарым миллионго жакын эл чогулуп, өлкөдө саясий режим алмашкан эле. Жекшембиде өткөн акция 30 жыл мурунку революциядан кийинки ири митинг болуп калды.

Бабишке каршы акциялар Прагада апрель айынан бери өтүп жатат. Катышуучулардын саны улам өсүп, үч апта мурун борбордук аянтка чогулган элдин саны 120 миңге жеткен. Андрей Бабиш Европа биримдигинин фондуна байланыштуу алдамчылык иштерине катыштыгы бар деп айтылгандан кийин ага каршы акциялар башталган. Анын үй-бүлөлүк фирмасы мыйзам бузуу жолу менен Европа биримдигинен акча каражатын алганы айтылган. Бабиштин тарапташы Мария Бенешованын юстиция министри кызматына дайындалышы нааразылык акциясына чыккандардын санын көбөйткөн. Андрей Бабиш күнөөсүн моюнуна албай, митинг өткөрүүгө негиз жоктугун айтат. Бабиш ири ишкана, ЖМКларга ээлик кылып, Чехиядагы эң бай адамдардын катарына кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде мынча киши митингге чыгышса Бишкекте эчтеке калтырбай тоноп кетишмек)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: