super.kg logo

Депутат: "Мамлекетке грант жана насыя катары берилген акчаларды чиновниктер өздөрүнүн бизнестерине жумшап жатышат"

 

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинде депутат Аида Исмаилова Каржы министрлигин сынга алды.

Анын айтымында, мамлекетке чет мамлекеттерден жана эл аралык банктардан берилген гранттар жана насыялар максатсыз пайдаланылып жатат. "Жакында эле Эсеп палатасынын отчётун уктук. Миллиондогон суммадагы акчалар өз максатына жетпей жатканы айтылды. Өлкөгө берилген акчанын жарымы абага чачылып жатат. Айрым чиновниктер акчаны бизнестерине жумшап жатышат", - деди депутат.

Андан соң Каржы министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып, сырттан келген акчаларды пайдаланууда кандай механизм колдонулуп жатканын сурады.

Бул мекеменин өкүлү жооп бергендей, акчага керектүү техника сатып алынат. "Каржы министрлиги гранттарды жана насыяларды алуу боюнча документтерди бекитүүдө макул болууга мажбур. Акчаны пайдалануу аны алган мекеменин карамагында", - деп жооп берди чиновник.

Депутат Аида Исмаилова акчаны пайдаланууда бирдиктүү иш жүрбөй жатканын айтты. "Аймактарга барганда тургундар "акча бөлүнсө да маселелер чечилбей жатат" деп көп арызданышат. Мен өкмөттөн талап кылам! Гранттарды жана насыяларды пайдалануу механизмин кайра карап чыгуу керек", - деди Исмаилова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: