Мэрия: "Бишкекти каптаган канталалар эч кандай коркунуч туудурбайт"
Бишкек шаарынын тургундары үйлөрүн канталалар каптап жатканын кабарлашкан. Аталган курттар адамдын ден соолугуна эч кандай коркунуч жаратпасын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаарды каптаган канталалар "Arocatus melanocephalus" деп аталып, жерде жүрүүчү канталалар түрүнө кирет. Эл арасында аны сасык-кантала деп аташат. Аталган кантала ачык жашыл жана күрөң түстөрдө болот. Ал байыр алган аймакка жана аба ырайына жараша өзүнүн түсүн өзгөртүп турат.
Мэриянын берген маалыматына ылайык, аталган канталалар күн ысып, кургак аба ырайы башталган мезгилде өзүнөн-өзү жоголот. Алардын көбөйүшүнүн дагы бир себеби сасык-канталалардын эң биринчи душманы болгон таранчылардын санынын азайышы. Көчөдө жүргөн мышыктар алардын уясын бузуп, балапандарын жеп, санын азайтууда.
Муниципалитет шаар тургундарына терезелерге атайын торлорду коюп, курт-кумурскаларга каршы атайын дарыларды үйгө чачып турууну эскертет.








1 |