super.kg logo

Өзгөчө бийи менен интернетти жарган агай

 

Интернет айдыңына 1 күндө канча деген видеолор жүктөлүп тарайт. Алардын айрымдары гана эл арасында талкуу жаратып, популярдуулукка жетет. Кечээ Инстаграм социалдык тармагында "40 жашында жаштардан өтүп бийлеген киши" деген аталыштагы видео тараган. SUPER.KG бул видеонун каарманы Алтынбек Деванаев менен азын-оолак маек курду.

- Алгач эле суроо интернетке тарап кеткен видеоңуз тууралуу болсун. Кайсыл жактан жана эмне болуп тартылып калды?

- Бул видеону жүктөп жатканда эл арасына мынча тарап, талкууга алынат деп эч ойлогон эмесмин. Мен бийлеп жаткандагы видео үйдөн тартылган. 36 жаштамын, 3 кыздын атасымын. Кыздарымдын улуусу бий ийримине барат. Кечки тамактануудан кийин кызым "ата, сиз окуучуларыңыз менен ар кандай иш-чараларда бийлейсиз, биз менен деле бийлеңизчи" деп калды. Мындан улам музыканы коюп бийлеп баштаганымда кызым видеого тартып коюптур. Тартылган видеону Инстаграмдагы баракчама жүктөп койгом, ал жактан бирөөлөр алып таратып ийишиптир.

- Жашоодо да видеодогудай позитивдүү адамсызбы?

- Мен Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинде кыргыз тили жана адабият сабагынан билим берип эмгектенем. Окуучуларым, кесиптештерим уюштурган ар бир иш-чарага активдүү катышам. Ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөм. Ар кандай видеолорду тартып, социалдык тармактагы баракчама жүктөп турам.

Алтынбек Деванаевдин айтымында, адам канча жашка келбесин өзүн ар дайым жеңил жана көтөрүңкү маанайда алып жүрүшү керек. Ырдап, бийлеп турса адамдын күнүмдүк турмушуна аз да болсо шаң кошуп турат. "Позитивдүү агай" атка конгон Деванаев көптөгөн республикалык жана облустук сынактардын жеңүүчүсү болгон. Окуучулары агайы мыкты гана билим бербестен аларды дайыма колдоп, сунуштарын четке какпай, айткан иш-чараларына катышып келгендигин баса белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(6)
24.06.2019. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
36 жаш,жаш эле экенсиз.Арыктап алсаныз андан да дурус болмок
25.06.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Skarlett-Skarlett,арыктатып эмне кыласын озуно сонун жарашат экен форуму
24.06.2019. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сонун,позитивдуу агай экен.
24.06.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чынында жаштарга жакын, жаштардын тилин, табитин тапкан позитивдүү агай. Лагерде бул агайдын тайпасы дайыма биринчи орунду алчу.
25.06.2019. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Позитивдуу агай экен,баракелде!!!
25.06.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уйундо аялы менен деле урушпаса керек э?)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: