super.kg logo

"Акнеттин" адвокаты: "Компаниянын кызматкерлери четинен иштен бошотулууда деген кеп - калп"

 

"Акнет" компаниясында кадрдык көйгөйлөр болуп жатат. Бүгүн эртең менен 60 кызматкерди эч бир себепсиз жумуштан бошотушту. Калган кызматкерлер май айынын маянасын алыша элек", - деген кеп социалдык тармактарга тарады.

Буга чейин аталган компаниянын жетекчиси укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынган. Анын ордуна Нурбек Абасканов компанияга директор болуп дайындалган. Жогорудагы маалыматты тактоо максатында "Акнеттин" юристи Азамат Асанбековго кайрылып маалымат алдык.

"Бул сөз болуп жаткан 60 кызматкер биздин мекемеге карабайт. Алар биз менен иштешкен башка бир компаниянын электрик-монтажёрлору экен. Өткөндө мага да келишиптир. Колдорунда эч кандай документтери жок, кайсы фирмага карай тургандыктарын да билишпейт", - деди ал.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. 2019-жылдын 28-майында "Акнеттин" президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: