Сары жилетчендердин митинги: талаштуу мыйзамды кароо күзгө калды
Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карамак. Бирок депутаттар аны күн тартибинен алып салууну суранышты.
Бүгүн Бишкекте Ак Үйдүн жана Кесиптик союздар үйүнүн алдында аталган долбоордун кабыл алынуусуна каршы митинг өткөн. Анда 100дөн ашуун адам сары футболкаларды жана жилеттерди кийип акцияга катышкан.
"Бул мыйзам долбоору Эл аралык эмгек уюмунун нормаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (4-35-беренелерине) жана Эмгек кодексине (29-34-беренелерине) карама-каршы келет. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр иштеп жаткан жарандардын биригүү эркиндигин кемсинтүүгө багытталган. Андан да жаманы окуучулар менен пенсионерлер кесиптик бирликтерге биригүү укугунан ажырайт.
Мыйзам долбоору кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин укуктарын одоно чектейт. Уюмдук түзүмдүн, бирикмелердин формасын жана түрүн өз алдынча аныктоого, кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн саны боюнча шарттарды белгилөөгө, өздүк башкаруу органдарын түзүүгө, шайлоолорун тастыктоого жана башка да укуктук маселелерге чектөө коёт", - дешкен митингчилер.
Ал эми демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун милдети кесиптик союздардын иш-аракетин социалдык өнөктөштүктүн бардык деӊгээлдеринде жана ишкананын же уюмдун деӊгээлинде ассоциациялануу (мүчө болуу) принциптеринде интеграциялоо саналат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда кесиптик союздардын уставына карата милдеттүү талаптарды (уюштуруу структурасы жана түзүлүү тартиби, мүчөлүк уюм катары катышуусунун тартиби) бекемдөө, кесиптик союздардын укуктарын тактоо сунушталууда.




