super.kg logo

Ошто мигранттарды реабилитациялоо борбору ачылды

 

Ошто мигранттарды реабилитациялоо борбору ачылды. Аталган борбордо мигранттарга укуктары, жумушка орношуу жана алар барып иштеген өлкөлөрдүн мыйзамдары тууралуу кеңири маалымат, кеп-кеңештер берилет. Бул тууралуу Ош шаарындагы "Улыбка" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун максаты кулчулуктун алдын алуу жана адам сатууга каршы күрөшүү менен элдин жакырчылыктан чыгышына көмөктөшүү.

Жарандарга жардам берүү борборлору Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөттөрүндө сыноо иретинде ишке кирди. Бул борборлордун ишинен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө эмгек миграциясына камынып жаткан жарандар, миграцияда жүрүп укугу бузулгандар ошондой эле кулчулукка кабылгандар кайрылып, пайдалана алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: