super.kg logo

Бишкекте окууда артыкчылык көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды

 

24-июнда өлкөдөгү мектептерде билим алгандыгы тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи болду.

Бишкекте артыкчылык менен орто мектепти бүтүргөндөрдү сыйлоо салтанатында бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Жалпы 6297 бүтүрүүчүнүн 56сына артыкчылык аттестаты тапшырылды. Алардын арасында шаардык жана республикалык олимпиада жеңүүчүлөрү, ар түрдүү сынактарда сыйлыктарга ээ болгондор бар. Бүтүрүүчүлөргө маанилүү документти Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адиса Имангазиева, район башчылары тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.

Сыйлоо аземинен кийин концерттик программа тартууланды. 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгына ылайык 16 окуучу "Алтын тамга" аттестатын алса, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 4 окуучу артыкчылык аттестатын алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: