super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы кызматы үчүн 13 талапкер арыз берди

 

 3-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын акыйкатчысынын бош орду үчүн талапкерлерден арыздарды кабыл алуу башталган. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-августка карата акыйкатчы кызматы үчүн ат салышууну каалаган талапкерлердин саны 13 кишиге жетти.

 

Алар:

 

1.Нурлан Мотуев – жеке ишкер;

 

2.Рахатбек Касымалиев – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде юрист-консультант;

 

3.Рита Карасартова – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти;

 

4.Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;

 

5.Чолпон Койчуманова – Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий катчысы;

 

6.Дилшад Нажмидинов – Бишкек шаарынын ИИБинин Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспектору;

 

7.Өмүрбек Рыскелдиев – юрист;

 

8.Мухтар Кожошев – КРнын акыйкатчысынын орун басары;

 

9.Акылбек Ташбулатов – “Ош облусунун юристтери”  коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;

 

10.Досаалы Иманбердиев – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери;

 

11.Нурбек Токтакунов – “Прецедент өнөктөштүк топ” коомдук уюмунун директору;

 

12. Талант Бапаев – жеке жактоочу;

 

13. Кубан Адыл уулу – Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун прокурору. 

  

Эске салсак, акыйкатчынын кызмат ордуна фракциялардан сунушталган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-августта аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: