super.kg logo

ИИМ Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкмөт өкүлү Марат Бекеновдун кармалганын тастыктады

 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов кармалганын ИИМден тастыкташты.

Ал эми Биринчи Май райондук соту Марат Бекеновдун баш коргоо чарасын карап, 26-августка чейин СИЗО-1ге камакка алды.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

3-майда дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова, 6-майда Жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев, 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, 21-майда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, 30-майда ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, 19-июнда өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов, 24-июнда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган.

Мындан тышкары 7-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.06.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Батукаев эшек минерлердин жарымын зек жарымын оруулуу кыла турган болдуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: