super.kg logo
  Саясат  

Баш прокурор: "Түлеев Атамбаевге карызга бердим деген 500 миң доллар боюнча жарандык сотто чечишип алсын"

 

Бүгүн, 25-июнда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин отурумунда Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча корутундуну окуп жатат.

Анын айтымында, Башкы прокуратура Атамбаевге тагылган бардык айыптарды текшерип, иликтеп чыкты. "Нариман Түлеев Атамбаевге карызга 500 миң доллар берип, кайра сураганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып, арыз менен кайрылган. Бул иш жарандык сотто каралышы керек", - деди Жамшитов.

Буга чейин 18-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева атасынын катын окуп берген. "Шайлоо алдында 2010-жылы Атамбаев мага кайрылып, 500 миң доллар карызга сураган. Мындай чоң суммадагы акча анын шайлоого катышуусуна керек экендигин түшүндүргөн. Мен ал акчаны карызга бергем, мурун да мен тараптан мындай жардамдар көрсөтүлүп келген. Кийин ал президент болгондон кийин акчаны кайтарып берүүсүн өтүндүм. Ошол учурдан тарта экөөбүздүн мамилебиз бузулду. 2011-жылы 1-декабрда президенттин кызматка киришүү аземи өтүп, мындан туура 1 ай өткөндөн кийин мага кысым көрсөтүүлөр башталды", -
деп айтылат Түлеевдин катында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: