super.kg logo

Бишкек-Торугарт унаа жолунда "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасын аткылап кетишти

 

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында орнотулган "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасын аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, камераны аткылап кетишкендиги тууралуу маалымат 25-июнь күнү саат 10:56да келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Атайын экспертиза дайындалып, жергиликтүү тургундар суракка алынууда.

Камера белгисиз курал менен атылганын жана ишти облустук башкармалык өз көзөмөлүнө алганын басма сөз кызматы кошумчалады.

Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун Чүй облусунун Киргшёлк айылындагы жана Кемин районунда орнотулган камералары талкаланган.

Ал эми 6-июнь күнү Чыңгыз Айтматов жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан камерага белгисиз өспүрүмдөр сагыз чаптап салышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.06.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармап туруп сазайын бериш керек. Ушул бизге эч нерсе жакпайт да. Конушкон да адырандап айдап жургонго, вот мына ошолор талкалап атат. Мамлекеттик мулкту сындырды деп кармап жазалаш керек, штрафтан салып анан камеранын акчасын толотуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: