super.kg logo

Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу “Бишкек-Москва” темир жол каттамы токтотулду

 

Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу “Бишкек-Москва” каттамындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди токтотулду. Бул тууралуу "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта аталган каттам канча убакытка чейин токтотулганы айтылган эмес.

"Казакстан Республикасынын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарындагы окуяларга байланыштуу Кыргыз темир жолунун “Бишкек-Москва” каттамындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

Кечээ, 24-июнда эртең мененки саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде жарылуу орун алып, шаар тургундары башка аймакка көчүрүлгөн.

Окуядан эки адам каза болуп, Түркстан облусундагы ооруканаларда жарылуудан жаракат алган 70 адам дарыланууда. Көпчүлүгү денесинен күйүк жана снаряд, айнектердин сыныктарынан жаракат алгандар, иске уулангандар бар. Төрт адам эсине келе элек жана бешөөсүнүн абалы оор экени маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: