Өлкөдө унааны каттатуу арзандайт
Кыргыз өлкөсүндө унааны каттоо жана кайра каттатуу 1-августтан тарта 589 сомго түшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 14-июнда тендердин жыйынтыгы чыгарылып, унааларды каттоо жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бланкаларын даярдай турган "Госзнак" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.
"Жаңы түзүлгөн келишимдин шарты боюнча бир бланканын баасы 192 сомду түзөт, бул мурдагыга салыштырмалуу 4 эсе арзан. Буга чейинки компания бир бланканы 10 евродон жеткирип турган. Эми евронун наркынан көз каранды болбош үчүн бланкалардын баасы сом менен бааланат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
1-августтан тарта унааларды каттоо жана кайра каттатуу мурдагыдай эле 920 сомду түзөт, бирок бланка 192 сомдон (мурдагы баасы 781 сом 50 тыйын) берилет.
Мамлекеттик номердин баасы дагы мурдагыдай эле - 788 сом. Натыйжада каттоо азыркыдай 2 миң 489 сом 50 тыйын эмес, 1 миң 900 сомду түзөт.
Компания бланкаларды бир ай мурда жеткирүүнү убада кылган. Мындан улам алар 1-августтан тарта бериле баштайт.





Мурун бир бланкага 781, 5 сом төлөсөк эми 192 сомдон гана толой баштайт экенбиз, ошондо мурун каттоо учун 920+781.5+788=2489.5 сом толосок, эми бланка арзандап 920+192+788=1900 сом төлөп калат экенбиз.