super.kg logo
  Спорт  

"Галатасарайдын" футболчусу улуттук курама командага чакырылды

 
Бекназ Алмазбек уулу.

16 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз улуттук курама командасы 2020-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарына даярдыктарын баштады. Футбол федерациясы билдиргендей, машыгуу сбору Бишкекте өтүп жатат.

Курамга Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойноп келген Бекназ Алмазбек уулу чакырылды. Нурлан Букуев машыктырган командага жалпы 30 оюнчу кирген.

Кыргыз командасы чүчү кулактын жыйынтыгы менен F тайпасына түшүп, Ирак, Ливан жана БАЭ командалары менен кез келет. Аталган тайпанын оюндары Бишкекте 18-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта өтөт.

Кыргыз командасынын кеңейтилген курамы:

Дарбазачылар: Роман Жаныбек уулу, Нурсултан Нусупов ("Академия" клубунан), Курманбек Нурланбеков ("Дордой");

Коргоочулар: Захриддин Абдилажонов, Абылайхан Полотбек уулу («Академия»), Нурсеит Азаматов, Рауф Асинов («Дордой»), Эрзат Чыңгызбек уулу, Бейкунт Бейшебай уулу, Артур Данияров, Айтеңир Балбаков, Атай Эшенкулов («Илбирс»), Эржан Сарыбаев («Шахтер»);

Жарым коргоочулар: Баястан Боконов, Арсен Шаршенбеков, Баймырза Алманбет уулу, Нурсултан Момбеков, Эмир Чаткалбеков («Дордой»), Ырыскелди Тыныбеков, Байбол Эрмеков («Илбирс»), Рафаэль Алтынбек уулу, Тагай Жолдошбеков («Абдыш-Ата»);

Чабуулчулар: Атай Ильичбек уулу, Парпыбай Озгонов («Дордой»), Элзар Мелисбек уулу, Нурбол Бактыбек уулу, Ааламбек Абылкасымов, Умар Мадаминов («Илбирс»), Бекжан Арсланбек уулу («Абдыш-Ата»), Бекназ Алмазбек уулу («Галатасарай», Түркия);

Башкы машыктыруучу: Нурлан Букуев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: