super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу? Мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Бул нерсенин артында мыйзамдуу эмес, саясий кызыкчылык турганы көрүнүп турат"

 

Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды. Буга карата мурдагы элчи Кылычбек Султан "Бүт эски "илита" саясий "таштандыга" кетиши керек" деген пикирин билдирди.

"Адилетсиз болду. Бул нерсенин артында мыйзамдуу эмес, саясий кызыкчылык турганы көрүнүп турат.

Мамлекеттин экономикасы итке минген абалда турганда бийлик бүткүл ресурсун реформага эмес, чычалоого, өч алууга жумшап жатат. Ушуга окшогон саясий кызыкчылыктарга келгенде бийлик, башкача айтканда, президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, прокуратура, күч органдары өздөрүнө ыңгайлуу чечимдерди чагылгандай тездик менен ишке ашырат. Ал эми эл күткөн экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу маселелерде, адилеттүүлүк маселелеринде ташбакадай кыймылдоо адатка айланды.
Менин оюмча, Атамбаев айткандай, бүт эски "илита" саясий "таштандыга" кетиши керек", - дейт мурдагы элчи Кылычбек Султан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: