super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн алдына тосмо коюлуп жатат

 

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына тосмо коюлуп жатат. Мындан тышкары анын тарапташтарына мал союлду. Малды курмандыкка чаларда Атамбаев сүрөө окуп, бата кылды.

"Ушул "Аль-Фатиха" сүрөөсү аркылуу Жаратканга кайрылам. Кыргыз элибизге тынччылык, ынтымак, береке бер. Кайрадан элибиздин жолун ачып бер. Балээден элибизди куткар. Карапайым элибиз эч жамандык көрбөсүн. Жаратканым, элибизди, жерибизди бөөдө кырсыктан сактай көр. Карыларыбыз, жаштарыбыз жамандык көрбөсүн. Миңдеген жылдан бери кыргыз элин сактап келесиң, дагы бир жолу жардам бер, Аллахым, оомийин!" - деди ал.

Кечээ, 25-июнда экс-президенттин үйүнүн жанында "Элдик штаб" түзүлүп, Атамбаевдин тарапташтары чогулган. Бүгүн чогулгандарга тамак берилип, биодааратканалар коюлууда. Мындан тышкары үйүнүн айланасына шагыл таштар төгүлүп, бетон плиталар коюлууда.

Алмазбек Атамбаев саат 14:00гө чейин билдирүү жасай турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: