super.kg logo

Түркияда айдоочу полициядан качам деп 40ка жакын адамды сүзүп кетти, анын 10у каза болду

 

Түркияда унаасында мигранттарды алып бара жаткан айдоочу полиция кызматкерлеринен качам деп 40ка жакын адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Эдирне провинциясында орун алган. Анда шектүү унааны жандармериянын кызматкерлери токтоткон. Бирок айдоочу ага баш ийбей, качууга аракет кылган.

"Айдоочу изин жашыруу максатында унаасын катуу ылдамдыкта айдап, бурулуштан дүкөндүн дубалын сүзгөн. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, кырсык айдоочу рулду башкара албай калганынан улам келип чыккан. Натыйжада 10 киши каза болуп, 30га жакын адам түрдүү жаракаттарды алган. Унаанын ичинде мигранттар болгону айтылат, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экени ачыкталган эмес", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: